Кадамжай районунун жети айылы таза суу менен камсыз болот

Кадамжай районунун жети айылы таза суу менен камсыз болот.

 

Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Дүйнөлүк банк каржылаган программа аркылуу ишке ашууда.

 

Өлкө боюнча тандалган 31 айылдын 28и Баткенде жайгашкан. Учурда кудуктар казылып, үч суу кампасы үчүн жерлер даярдалды. Суу түтүктөрүн тартуу иштери жакында башталат. Долбоор 2027-жылы толук аяктап, жети айылдын тургундары таза сууга мүмкүнчүлүк алат.