Калкты тейлөө борборлору 1-январдан 7-январга чейин иштебейт. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
8-январдан тарта борборлор кадимки тартипте иштөөсүн улантат. Жарандарга майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен иштерин пландап алуу сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



