Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда №86 мектепке 650 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор боюнча мектеп үч блоктон турат. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана спорт залы жайгашат.
Объекттин курулушу ушул жылдын март айында башталган.



