Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоого 2,4 миллиард доллар бөлүү макулдашылды

Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоого 2,4 миллиард доллар бөлүү макулдашылды. 9-10-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Бельгияда форумга катышты.

 

Анын алкагында, Европа Биримдиги долбоорду каржылоо үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанга 2,4 миллиард доллар бөлүүгө макулдугун билдирип, үч мамлекет менен эки тараптуу документке кол койду. Анын ичинен эл аралык донор Кыргызстанга 1 миллиард доллар бөлүүгө даярдыгын билдиргенден кийин эки меморандумга кол коюлду.