Камбар-Ата-2 ГЭСнин №2 гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча иштер активдүү уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында станциянын кубаттуулугу 120 МВттан 240 МВтка чейин көбөйөт.
№2 гидроагрегатты эксплуатацияга берүү 2029-жылдын башына пландалууда. Гидроагрегатты ишке киргизүү генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүгө, энергосистеманын туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.



