Кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында электрондук кезек системасы орнотулду

Кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында электрондук кезек системасы орнотулду. Эми фермерлер эртелеп ыңгайлуу убакыт тандап, ошого жараша эле келсе болот.

 

Түшүмүн өткөрүү үчүн узун кезектерде туруп, күтүүнүн кереги жок. Жаңы система кант кызылчасын өткөрүү процессин кыйла жеңилдетет. Учурга карата өлкө аймагында кызылчанын 60-70 пайызы жыйналды.