Кант – Тоолуу Серафимовка жолунун 10 чакырымына асфальт төшөлөт

Ысык-Ата районундагы Кант – Тоолуу Серафимовка унаа жолунун 10 чакырым бөлүгү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаңы асфальт төшөлөт.

 

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда объектте жер кыртышын түздөө, жолдун туурасын кеңейтүү, шагыл-кум аралашмасын төшөө жана тыгыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Долбоор аяктагандан кийин Алмалуу, Ичке-Суу, Тогуз-Булак жана Норус айылдарынын тургундары үчүн Кант шаарына жана башка калктуу конуштарга жол жүрүү убактысы болжол менен 30 мүнөткө чейин кыскарат.