Каныш-Кыя — Кара-Буура жолунун курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Чаткал району менен Талас облусун байланыштырган Каныш-Кыя — Кара-Буура жолунун курулушу башталды. Унаа жана жолдор министрлигинен маалым болгондой, курулушка 1 млрд 700 млн сом бөлүнөт.

 

Маалыматка ылайык, 16 чакырым жолдун курулушунда тоону тешип жардыруу, бир көпүрө куруу жана башка иштер жасалат.

 

Долбоор алыскы Чаткал районунун тургундарынын башка облустарга жана өлкөлөргө чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу максатын көздөйт.

 

Курулуш иштери 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин бүтөт деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.