Кара-Балтадагы 209 млн сомдук автобекет мамлекеттин балансына кайтарылды

Кара-Балта шаарындагы баасы 209 млн сомдон ашык автобекет мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

УКМК тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекеттин менчигине кайтарылды.

 

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын жана Жайыл районунун жергиликтүү органдарынын жооптуу адамдары тарабынан Кара-Балта шаарынын автобекети 0,60 га жер тилкеси жана курулушу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен бааланган наркы 209 млн сомдон ашкан объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Азыркы учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.