Кара-Көл ГЭСинин курулушу дээрлик аяктап калды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата иштер 90 пайызга аткарылды.
Негизги объектилердин курулушу аяктады: алсак, машиналык жана жабдуулар залы, башкы суу дарбаза, суу түтүгү жана канал салынды.
Андан тышкары, подстанция курулуп, электр өткөрүү линиялары тартылды. Учурда адистер автоматика шаймандарын орнотуп, кабелдерди өткөрүп жатат. Кара-Көл ГЭСи жыл аягына чейин пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.



