Кара-Кечеге 1 миң 200 мегаваттык жылуулук электр станциясы курулат. Бул тууралуу Кабарга “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, бул эң ири долбоорлордун бири болуп саналат.
Курулушта жаңы технологиялар колдонулуп, зыяндуу газ бөлүнбөйт жана экологияга терс таасирин тийгизбейт. Маматов станциянын ишке кириши менен 1 миңдей жумуш орду түзүлүп, андан чыккан жылуу сууга күнөсканалар курулуп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө да өбөлгө болорун кошумчалады.



