Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында жаңы спорт зал ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, баасы 18 миллион 645 миң сомду түздү.
Спорт зал айыл жаштарынын дене тарбия жана спорт менен активдүү алектенүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк жаратат.



