Кара-Кулжа районунун тургундары жер көчкү коркунучуна байланыштуу көчүрүлдү

Кара-Кулжа районунун Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинин тургундары жер көчкү коркунучуна байланыштуу көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Бул тилкеде жер кыртышынын жылышы боюнча кабар түшүп, куткаруучулар барып байкоо жүргүзгөн.

 

Ал жерде жалпы төрт турак үй болсо, анын экөөндө жашап жаткан 11 адам Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө жеткирилди. Калган эки үйдө эч ким жашабай турганы белгилүү болгон. Кырдаал тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөлгө алынып, зарыл болгон чаралар көрүлүүдө.