Кара-Кулжанын Ылай-Талаа айылында 150 окуучуга чакталган мектеп курулууда

Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында жаңы мектептин курулушу уланууда.

 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор боюнча мектеп 150 окуучуга чакталган.

 

Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залдан турат. Мындан тышкары, аймакка кичи футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары салынат.

 

Курулушу 2025-жылдын май айында башталган объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жалпы наркы 124 млн сомду түзөт.