Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында “Мурас” социалдык шаарчасын куруу иштери башталды. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаарча куруу боюнча эскиздик долбоор райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
Анын аянты дээрлик 11 гектарды ээлейт. Социалдык шаарчадагы үйлөр жарандарга ипотекалык негизде берилет деп күтүлүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



