Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Кара-Суудагы 100 гектар жерге өндүрүш аймагы жана кичи шаарча курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кичи шаарчанын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үй куруу пландалууда.
Учурда аймакка баруучу негизги жолду, таза суу менен камсыздоону жана жалпы инфраструктура маселелери боюнча ишти ыкчамдатуу аракети көрүлүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



