“Каракөл” ГЭСинин курулушу уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Кара-Суу дарыясында жайгашкан ГЭСтин кубаттуулугу 18 МВтты түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 110 миллион киловатт-саатты түзөт.
Бардык курулуш-монтаждоо иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүүдө.



