Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап спорт комплексинин курулушу жүрүүдө.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 12 гектар аянтта спорт интернаты, көп функционалдуу спорттук жай, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана жайгашат.



