Караколдо негизги эки көчө жыл аягына чейин толук жаңыланат

Быйыл Каракол шаарында жол инфраструктурасын модернизациялоо боюнча эки ири долбоор ишке ашырылууда.

 

Мэриядан билдиришкендей, негизги объектилердин бири — Манас көчөсү. Белгиленгендей, бул тилкеде Советтер Союзунан бери асфальттоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

 

Эми бул жерде эки тилкелүү жол салынып, эки тарапка тротуарлар курулат, арыктар жасалып, заманбап көчө жарыктандыруу орнотулат.

 

Масштабдуу реконструкция Бектенов көчөсүндө да пландалган. Эки объект боюнча иштерди ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.