Караколдо турак-жай комплексинин курулушу уланууда. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан эскертишкендей, комлекс 9 кабаттуу 69 блоктон туруп, анда 2 миң 360 батир болот.
Аймагында мектеп, 2 бала бакча, буу казандын курулушу каралган. Учурга карата 10 блоктун курулуш аяктады. Андагы батирлер жергиликтүү жашоочуларга мамлекеттик ипотека аркылуу жеңилдетилген шартта берилет.



