Шаардык мэриянын маалыматына караганда, борбордо музыка жана бий менен алектенүүгө, аудио-видео контент даярдоого, ошондой эле жаштардын коомдук долбоорлорун иштеп чыгып, ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр каралган.
Жаштар борбору Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен өнөктөштүктө, Россиянын каржылык колдоосу менен түзүлгөн.



