Караколдон Алматы жана Ташкентке автобус каттамдары ачылат

Мэриядан билдиришкендей, шаарга 10 заманбап автобус алып келинди.

 

Жаңы унаалар алыскы сапарларга ылайыкталып, жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар менен камсыздалган. Транспорттор Каракол–Бишкек, Каракол–Алматы жана Каракол–Ташкент багыттары боюнча каттамдарга чыгарылат.

 

Ал эми жакын арада дагы 20 жаңы автобустун келиши күтүлүүдө. Алар шаар ичиндеги каттамдарга кое берилет.