Кыргызстанда карыздарды жана өлкөдөн чыгууга болгон чектөөлөрдү текшерүү үчүн жаңы онлайн портал ишке кирди. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына караганда, бул сервис жарандарга алдын ала өздөрүнүн карыздары бар же жок экенин билүүгө, ошондой эле тиешелүү сот аткаруучусунун маалыматтарын алып, тез арада байланышууга мүмкүнчүлүк берет.
Порталды колдонуу үчүн QR-кодду сканерлеп, ИННди киргизүү жана береселер же учурдагы тыюулар тууралуу актуалдуу маалыматты алуу жетиштүү.
Жарандарга мындай маалыматтарын үзгүлтүксүз текшерип туруу сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



