Каржы министрлиги “Кичи жана орто ишкерлик субъектилерин жеңилдетилген насыялоо” долбоорун ишке ашыруусун улантууда. Программанын алкагында 68 субъект 212 миллион сомго насыя алды.
Ведомстводон эске салышкандай, долбоор кичи жана орто бизнеске мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү, жакырчылыкты кыскартуу, аймактарды жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү максатында бекитилген. Компаниялар жана физикалык жактар төмөн пайыз менен жеңилдетилген кредит алса болот. Быйылкы жылга насыялоонун жалпы суммасы 500 миллион сомду түзөт.



