Ката басылып калган ЖРТ сертификаттары акысыз алмаштырылат

Ката басылып калган ЖРТ сертификаттары акысыз алмаштырылат.

 

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, жалпы республикалык тестирлөөнүн айрым сертификаттарында техникалык ката кеткен.

 

Айрым сертификаттарда 2026-жылдын ордуна 2025-жыл көрсөтүлгөн. Борбор бул ката ЖРТнын жыйынтыгына жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу процессине эч кандай таасир этпей турганын белгиледи. Абитуриент сертификатын акысыз алмаштыра алат.