Казакстан чет өлкөлүк жарандарга өлкөгө кирүү үчүн төлөм киргизүүнү пландап жатат

Казакстан чет өлкөлүк жарандарга өлкөгө кирүү үчүн төлөм киргизүүнү пландап жатат.

 

Жаңы эрежелер Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү болот, бирок так шарттар азырынча тактала элек. Казакстандык маалымат каражаттары билдирендей, ноябрдан тарта QazETA системасы этап-этабы менен киргизилет. Алгач учак менен келгендерге, кийин унаа жана автобустар менен, андан соң поезд аркылуу келгендерге колдонулат. Алдын ала маалымат боюнча, уруксаттын баасы 3 миң 900 теңге же 745 сом болот.

 

Уруксатты сапарга чейин кеминде 72 саат мурда тариздөө пландалууда.