Казакстан жана Өзбекстан Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна акча кошот

Казакстан жана Өзбекстан Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна акча кошот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, өлкөлөр ортосунда “жол картасына” кол коюлду.

 

Шарттарга ылайык, коңшу республикалар каражат бөлүп берет, ордуна электр энергиясын алышат. Анын көлөмү каржылык салымдын үлүшүнө жараша болот, — деди Ибраев.