“Кемин — Балыкчы” жаңы электр өткөрүү линияларын тартууга жана  500 киловольттук подстанцияны курууга 67 миллион 700 миң евро багытталат

“Кемин — Балыкчы” жаңы электр өткөрүү линияларын тартууга жана  500 киловольттук подстанцияны курууга 67 миллион 700 миң евро багытталат. Каражаттын басымдуусун, же 62 миллион еврону Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 20 жылга насыя катары берет, дагы 6 миллион евро грант катары келет.

 

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде биринчи окууда жактырылды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимовдун айтымында, жаңы линия Ысык-Көл облусун өнүктүрүү үчүн зарыл — ал эски тармактардагы жүктөмдүктү азайтып, жаңы күн жана электр станцияларды коштурууга мүмкүнчүлүк берет.