Кеминде Курулуш министрлигинин жаңы административдик имараты салынат

Кеминде Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба министрлигинин жаңы административдик имаратынын курулушу башталды.

 

Мекемеден билдиришкендей, анда жыйындар залы, күтүү бөлмөсү, архив, кабыл алуу залы, бирдиктүү терезе системасы жана коммуналдык бөлмөлөр болот.

 

“Жаңы административдик имараттар министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулуп жатат. Учурда өлкө боюнча ондон ашык ушундай объект салынууда», — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.