Ушул жылдын январь-июнь айларында республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер жалпысынан 5,5 пайызга жогорулады. Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу маалыматты Улуттук статистика комитети бөлүштү.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, алгачкы жарым жылдыкта калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери эң көп кымбаттаган.
Баалардын кымбатташы өлкөнүн бардык аймактарында байкалган. Бирок эң жогорку өсүш Ош облусунда катталды. Ал эми күнүмдүк тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасынын эң жогорку өсүшү Ысык-Көл облусунда белгиленди.



