Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 3-июлда аяктайт

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 3-июлда аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

 

Мындай чечим окуу жылын оптималдуу уюштуруп, окуу жүгүн туура бөлүштүрүү максатында кабыл алынган. Эске салсак, эми кесиптик лицейлердеги окуу жылынын башталышы жана аяктоо мөөнөтүн Агартуу министрлиги аныктайт.