Эртеңден тарта Бишкекте Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн айрым тилкелери убактылуу эки тараптуу болот. Мэриядан билдиришкендей, жаңы эреже Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкты жана Токтогул көчөсү Эркиндик бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт.
Мындай чечим Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынды.
Белгилеп кетсек, жогоруда аталган аймактарда унаа токтотууга тыюу салынат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



