Франция курама командасынын жана ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе ушул жайда “Реал Мадридге” өтөт. Массалык маалымат каражаттары футболчу трансфер боюнча январдын башында макулдашканын жазышууда.
Эске салсак, Килиан Мбаппе ПСЖда 2018-жылдан бери ойноп келет. Анын «Реалга» өтө турганы тууралуу кептер өткөн жайда тараган.