Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда, Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусу, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Айдоочуларга сак болуу сунушталат.



