ӨКМ кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Кыргызстанда 6-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, айрыкча Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусу, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда сак болуу керек.

 

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.