Өкмөт өлкөдөгү ири трассалардын жака-белин тазалоону баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн негизги магистралдарынын жээктерин тазалоо боюнча масштабдуу мамлекеттик демилге көтөрүлгөнүн билдирди. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты.
«Жолдун жээктери — мамлекетибиздин жүзү. Жол боюндагы таштандылар, жөнгө салынбаган чекене соода, кароосуз калган жерлер өкмөттүн жергиликтүү деңгээлдеги жоопкерчиликсиздигинин көрсөткүчү. Бул көйгөйдү бир жолку иш-аракеттер менен чечүү мүмкүн эмес, бул үчүн катуу тартип жана үзгүлтүксүз, системалуу көзөмөл керек», — деген Касымалиев.
Ал негизги магистралдарда тартипти орнотууга убакыт келгенин кошумчалаган.
Өкмөт башчы Транспорт министрлигине жол боюндагы объектилерди жайгаштыруунун эрежелерин иштеп чыгууну тапшырды. Ал эми Курулуш министрлиги алар үчүн бирдиктүү эскиздерди даярдайт. Иш бүткөн соң ал объектилер макулдашуу шарты менен жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берилмекчи.