ӨКМдин куткаруучуларына жаңы атайын техника берилди

Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта куткаруучуларга жаңы техника берилди. Иш-чара УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен ӨКМ башчысы Бообек Ажикеевдин катышуусунда өткөн.
Ташиев куткаруучуларды жана ардагерлерди кесиптик майрамына байланыштуу куттуктап, өзгөчө кырдаалдар көбөйүп жаткан учурда алардын ишинин маанилүүлүгүн белгилеген. Атайын кызматтын жетекчиси табигый кырсыктарды алдын алып, өмүрлөрдү сактап калууда куткаруучулардын ролу эбегейсиз чоң экенине токтолду.