Кочкор районунда сел жүрүп, 20 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга чыгарылды.
Жергиликтүү бийлик билдиргендей, Сары-Булак айылында сел ички жолдорду жана бир үйдүн короосун каптады.
Ал эми Кара-Суу айылынын Көл-Үкөк жайлоосунда сел малды каптап, көпүрөнү агызып кеткен. Кара-Күңгөй айылында болсо суу ташуу коркунучунан улам 20 үйдүн тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Учурда аймактарда кесепеттерди жоюу жана алдын алуу иштери уланууда.



