Нарын облусунун Кочкор районунда 20дан ашык жаңы социалдык жана инфраструктуралык объекттин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинде автобекет, стадион жана башка социалдык объектилер бар.
Ошондой эле райондогу сегиз объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.



