Кочкордо 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында Ш.Рысмендеев атындагы жаңы мектептин курулушу толук аяктады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор 2022-жылдан тарта республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келген. Тендердик баасы 119 млн сомду түзөт.

Мектеп 375 окуучу орунга ылайыкталган. Анда окуу класстар, лаборатория, актовый зал, ашкана, эмгек кабинети, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорттук зал каралган. Объекттин жалпы аянты — 1 миң 945 чарчы метрди түзөт.

Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.