Кочкордо тогуз кичи футбол аянтчасы курулуп жатат

Кочкор районунда тогуз кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусу боюнча жалпысынан 48 кичи футбол аянтчасын куруу пландалган.

Долбоор жаштар үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана аймактардагы спорттук инфраструктураны жакшыртууга багытталган.