Коммерциялык банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүү сунушталды

Коммерциялык банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун Улуттук банк иштеп чыкты. Банктарга, акча алмаштырган жайларга, микрокредиттик компанияларга долларды чет өлкөгө алып чыгууга чектөө былтыр март айында киргизилген.

 

Бирок андан бери банктар чет элдик валютаны алып келүү иштерин жолго койду.

 

Учурда алардын кассаларында каатчылык жагдай жаралган мезгилге салыштырмалуу эки эсе көп накталай акча бар экени айтылды.