Коомдук транспортто бөбөк арабалары үчүн кошумча жол кире талап кылынат

Бишкектеги коомдук транспортто бөбөк арабалары үчүн кошумча жол кире талап кылынат.

 

Мэриянын Транспорт департаменти билдиргендей, бул боюнча Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылы кабыл алган токтому бар. Ага ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн узуну 1 метр, туурасы 50-60 сантиметрден ашса же салмагы 40 килограммдан көп болсо кошумча 17 сом жол кире төлөшү керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.