Коомдук транспортто бир нече жолу акысыз автобус алмаштыруунун жол-жобосу айтылды

Бишкекте муниципалдык коомдук транспортто алгачкы төлөмдү жүргүзүп, 60 мүнөт ичинде бир нече жолу акысыз автобус алмаштыргандардын акчасы картадан дароо алынбашы мүмкүн. Мунун себебин Novosti.kgге “Тулпар” долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков айтып берди.

 

“Кээ бирлерде азыр түшүнбөстүк болуп жатат: “Мен үйдө отурсам деле 17 сом алып койду”, — депчи. Буга чейин мисалы каратадан дароо эле акча алынса, азыр бул жарым сааттан бир саатка чейинки убакытты алат. Себеби дегенде система кайсыл төлөмдөр “переседка”, кайсынысы “пересадка” эмес деп эсептеп чыгыш керек. Бардык транзакцияларды туура эсептеш үчүн ушундай убакыт кетет.”

 

Мекеме жүргүнчүлөрдүн бул сыяктуу кайрылууларына колл-борбор аркылуу күнү-түнү жооп берет.