Криштиану Роналду Португалиянын дүйнө чемпионатына бара турган акыркы курамына кирди

Криштиану Роналду Португалиянын дүйнө чемпионатына бара турган акыркы курамына кирди. Чабуулчу ушуну менен карьерасында алтынчы ирет дүйнө биринчилигине барганы турат — бул футбол дүйнөсүндө абсолюттук рекорд болуп эсептелет.

 

Роналду биринчи жолу чемпионатка 2006-жылы катышкан. Ошондон бери калтырбай катышууда. Белгилеп кетсек, форвард улуттук курамалардын тарыхында мыкты бомбардир — ал Португалия курамасы үчүн 226 беттеште ойноп, 143 гол киргизген.