Кристофер Ноландын “Одиссея” тасмасы режиссёрдун карьерасындагы эң кирешелүү фильм болуп, прокаттан 1 миллиард 104 миллион доллар тапты

Кристофер Ноландын “Одиссея” тасмасы режиссёрдун карьерасындагы эң кирешелүү фильм болуп, прокаттан 1 миллиард 104 миллион доллар тапты.

 

Бул тасма Мэтт Дэймон, Энн Хэтэуэй жана Роберт Паттинсондун да карьерасындагы рекорддук кассалык көрсөткүчкө жетти. Гомердин байыркы грек поэмасынын негизинде тартылган тасма 17-июлда экранга чыккан.

 

Анда Троя согушунан кийин мекенине кайтып келе жаткан падыша Одиссейдин окуясы баяндалат. Анын он жылга созулган сапары көптөгөн коркунучтарга бай.