Курулуш компаниялары дээрлик 1,5 миң батирди мамлекетке өткөрүп берди

Кыргызстанда курулуш компаниялары дээрлик 1,5 миң батирди мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

 

Анын айтымында, көптөгөн компаниялар жер тилкелерин мыйзамсыз алган. Мындан улам, бул жерлерге курулган батирлердин бир бөлүгү жери менен кошо мамлекетке алынган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.