Кыргызстанда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Омбудсмен институтуна кошулат. Жогорку Кеңеш аталган борборду жоюп, аны Акыйкатчынын курамына киргизүү мыйзамын кабыл алды.
Мыйзамга жыйынга катышкан 60тан ашуун депутат макул болуп, алты депутат каршы чыкты.
Эске салсак, кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



