Кырчын жайлоосун калыбына келтирүү иштери башталды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, үрөн себүү алдында аймакта агротехникалык иштер жүргүзүлүп, андан соң көп жылдык чөптөр жана өсүмдүктөр себилди.
Бул иштер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында инфраструктура жайгашкан жерлердин абалын жакшыртып, өсүмдүк катмарын акырындык менен калыбына келтирүүгө багытталган.



