Кырчын жайлоосуна барчу жол Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин аяктайт.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 35 чакырымы асфальтталат. Туристтик зонага алып баруучу негизги жол – Семёнов – Ак-Суу трассасынын 21 чакырымы толук оңдоодон өтөт. Григорьев – Көл-Кашка-Суу багытында 14 чакырым жол салынып, эки капчыгайды бириктирет.



